Фитосанитардык талапка жооп бербеген 26, 978 тонна пияз чек арадан өткөрүлгөн жок

Фитосанитардык талапка жооп бербеген 26, 978 тонна пияз чек арадан өткөрүлгөн жок

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгы тарабынан фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек арада фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын башкармалык билдирет.

Өткөн жуманын соңунда "Достук" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстантан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 26 тонна 978 кг пияз тиешелүү фитосанитардык сертификаттын жоктугуна жана жүктүн белгиленген тартипте маркировкаланбагандыгына байланыштуу өлкө аймагына киргизилген жок.

Аталган жүк Ош башкармалыгынын адиси Махамадибрагим уулу Бексултан тарабынан текшерилип, фитосанитардык мыйзам бузуулар аныкталгандыктан, жүк ташуучу тарапка кайра кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарындагы №13 мектепке жаңы окуу корпусу салынып жатат

Манас шаарындагы №13 мектепке жаңы окуу корпусу салынып жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын бири — №13 Роза Азимбаева атындагы мектепке кошумча салынып жаткан 528 орундуу жаңы окуу корпусу. Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын

Кыргызстанда 1,5 айга жете турчу күйүүчү май бар

Кыргызстанда 1,5 айга жете турчу күйүүчү май бар

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын кеминде 1,5 айга жете тургандай резерви бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЖМК өкүлдөрүнө билдирди. "Коомчулукта биз дайым эле Орусиядан көз каранды боло беребизби, башка жолдор жокпу?” деген суроо коюлууда. Альтернативдүү булактар, албетте, бар. Бирок алар кымбат. Кымбат болсо

Ысык-Көлдө теплоход ээлерине 30 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө теплоход ээлерине 30 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абанын тазалыгын камсыздоо боюнча рейд жүргүзүштү. Текшерүүнүн алкагында жалпысынан 14 теплоход текшерилип, атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталды. Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык төрт

Өлкөнүн бир катар унаа жолдору сел агындыларынан тазаланды

Өлкөнүн бир катар унаа жолдору сел агындыларынан тазаланды

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука унаа жолунун 40+000–54+000-чакырымдар аралыгында 8 жерден сел түшкөн. Жеринде  министрликтин жол тейлөө кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек – Балыкчы – Нарын