Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат

Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат

"Кыргыз Агрохолдинг" ААКы мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун бет ачарын өткөргөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалып жатат.

"Бул демилге азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирүү механизмин түзүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун ишке ашырылышы шаардын тургундарынын жана алыскы аймак жашоочуларынын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ички рыноктун туруктуулугуна салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Палестинанын футболдук беттеши болду

Кыргызстан менен Палестинанын футболдук беттеши болду

Кече күнү Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы алгачкы жолдоштук футболдук беттеш болуп өттү. Ага Президент Садыр Жапаров барып, назар салды. Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге даярдык көрүү иштеринин алкагында өттү. Мамлекет башчысы менен бирге КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкек шаарында 110 кВ чыңалуудагы электр берүүчү линияларда авариялык өчүрүү катталып, анын кесепетинен борбор калаанын керектөөчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү электр жарыксыз калды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авариядан улам шаардын керектөөчүлөрүнүн болжол менен 70 пайызы электр энергиясы менен камсыздоодон 1 сааттан ашык убакытка ажыраган. Энергетика министрлигинин маалыматка ылайык, «Парковая» – «Ала-Арча» жогорку

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк