Соцфонддун 2026-жылга бюджети 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө бекитилди

Соцфонддун 2026-жылга бюджети 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө бекитилди

Жогорку Кеңеш "КРнын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге бюджети жөнүндө" Мыйзамды кабыл алды.

Документке ылайык, 2026-жылга Социалдык фонддун бюджетинин кирешелери 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалары 138 млрд 303,7 млн сом өлчөмүндө бекитилди. Бюджеттин тартыштыгы (дефицит) 388,1 млн сомду түзөт.

2026-жылы пенсиялык төлөмдөрдү каржылоону кошо алганда, Социалдык фондду республикалык бюджеттен каржылоо 46 млрд 670,3 млн сом өлчөмүндө каралган.

Ошондой эле:

  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 503,4 млн сом,
  • Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна — 1 млрд 9 млн сом бөлүү бекитилди.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media