“Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.

Документте “стейблкоин (stablecoin)”, “реалдуу актив менен камсыздалган токен (RWA Token)”, “мамлекеттик майнинг” жана “мамлекеттик криптовалюта резерви” сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамалары такталган.

Ошондой эле мыйзам президентке белгилүү бир мөөнөткө айрым аймактарда пилоттук жөнгө салуучу чөйрө түзүү аркылуу виртуалдык активдер боюнча инновациялык технологияларды апробациялоо укугун берет. Аталган чөйрөдө лицензиялоо жана уруксат берүүчү документтерди берүү ыйгарым укуктуу орган аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мыйзамда майнинг жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар каттоодон өтүүгө милдеттүү экени белгиленген. Каттоодон өткөн субъекттер сертификат алган күндөн тартып майнингди жүргүзө алат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда бир катар соода борборлору жабылат

Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда бир катар соода борборлору жабылат

Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда расмий делегациялар өтүүчү маршруттарда жайгашкан бир катар соода борборлорунун иши убактылуу токтотулат. Мындай чечим укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын 18-августтагы жыйынында кабыл алынды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ГУМ "Чынар", ЦУМ "Айчүрөк", "Бишкек Парк", "Азия Молл&

Ысык-Көлдө "Ак-Булак" ишканасына 41 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө "Ак-Булак" ишканасына 41 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматы Ак-Суу районунун Башарын участогунда жайгашкан "Ак-Булак" ишканасына пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгаруу тартибин бузгандыгы үчүн ишканага 28 миң сом айып салынды. Мындан тышкары, жерлерди пайдалануу эрежелерин

Кыргызстандын аймагында жер тирирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер тирирөө катталды

Кыргызстандын аймагында 19-августта саат 04:53тө күчү 4 балл тегерегинде жер титирөө катталды. Сейсмология институту маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү cезилген эмес. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди

Бишкектеги эки ири долбоорго 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган

Бишкектеги эки ири долбоорго 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган

Бишкекте ири көп функционалдуу комплекстерди курууга багытталган эки инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. "Ак-Кула" ат майданынын мурдагы аймагындагы комплекс менен "Бишкек-Сити" долбоорлоруна жалпы 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган. Мэриянын маалыматына ылайык, "Ак-Кула" ат майданынын мурдагы аймагында көп функционалдуу комплекс куруу долбоорунун