Былтыр Кыргызстанда электр энергиясы менен күйүүчү май көбүрөөк кымбаттаган

Былтыр Кыргызстанда электр энергиясы менен күйүүчү май көбүрөөк кымбаттаган

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 7,8%га өстү.Расмий статистиканын маалыматына ылайык, эң жогорку кымбаттоо энергетика жана күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) тармагында катталды.

Эң олуттуу өсүш турак жай кызматтары, суу жана энергия категориясында байкалды — 14%. Мунун негизги себеби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында электр энергиясына болгон тарифтердин 23,6%га жогорулашы болду. Табигый газдын баасы 6,8%га өстү.

КММдин кымбатташы инфляциялык басымды күчөттү: орточо эсеп менен баалар 14,5%га өскөн. Бензиндин баасы 15,1%га, дизелдик отун 11,1%га кымбаттаган.

Аналитиктер май куюучу жайлардагы баанын өсүшүнүн үч негизги себебин белгилешет:

  • Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордун оңдоп-түзөө иштеринен улам экспорттун чектелиши;
  • геосаясий чыңалуу жана Россияда күйүүчү май тартыштыгы;
  • экономиканын ылдам өсүшүнө байланыштуу Кыргызстанда КММге болгон ички керектөөнүн көбөйүшү.

Алкоголь жана тамеки буюмдарынын баасы 8%га жогорулады. Тамеки продукциясы 9,8%га кымбаттаган, буга акциздердин пландуу жогорулатылышы себеп болгон. Ал эми алкоголдук ичимдиктердин баасы өндүрүш жана логистикалык чыгымдардын өсүшүнөн улам 7,2%га өскөн.

Узак мөөнөттүү пайдаланылуучу товарлар сегментинде баанын өсүшү салыштырмалуу орточо болду: кийим-кече жана бут кийим 3,4%га, үй-тиричилик буюмдары жана тиричилик техникасы 4,8%га кымбаттады.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media