JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт

JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте агенттиктин директору Эльчибек Джантаев менен Кыргызстандагы Япониянын элчиси Хирано Рюитинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык, анын ичинде JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктары талкууланды.

Маалыматка ылайык, JDS долбоорунун алкагында 20-агым боюнча магистратура жана докторантура программалары аркылуу адистерди даярдоо каралган. Бул максатта Япония өкмөтү 399 миллион иен өлчөмүндө грант бөлгөн.

2006–2025-жылдар аралыгында Кыргызстандан 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, ошондой эле "Жаш лидерлер" программасынын алкагында 28 адис Японияда билим алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү демилгелер сунушталды:

JDS программасынын квотасын 50 орунга чейин көбөйтүү (азыркы учурда 20 орун: 19 магистратура, 1 докторантура);
"Жаш лидерлер" программасынын квотасын 10 орунга чейин жогорулатуу.

Эльчибек Джантаев белгилегендей, 2026-жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул жылы JDS программасынын 20 жылдыгы жана JICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media