Кыргызстан СПЕКА форумунда транспорт жана санариптик соода маселесин көтөрдү

Кыргызстан СПЕКА форумунда транспорт жана санариптик соода маселесин көтөрдү

21-22-январда Ашхабад шаарында СПЕКАнын (Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасы) Экономикалык форуму өтүп жатат. Форумдун алкагында КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Туманов аймактык өз ара байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулап жатат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Медербек Туманов өз сөзүндө "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, Өзбекстан менен чектеш өткөрүү пунктунда e-TIR системасын пилоттук режимде колдонуу жана "Достук" өткөрүү пунктунда "Электрондук өткөрүү пункту" долбоорунун ишке ашырылышы макулдуктуу жүргөнү айтылды.

Министрдин орун басары Кыргызстандын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүүбагытында пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: СПЕКА 1998-жылдын 26-мартында Ташкент декларациясынын негизинде Борбордук Азия экономикаларынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү максатында түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер улантылып жатат. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына, техникалык регламенттерине жана бекитилген долбоордук чечимдерге шайкеш жүргүзүлүүдө. Ар бир объект боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында 29-июндан тарта Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынанмүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан орточо айлык акынын көлөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунга жайгашты. Бул тууралуу CEOWORLD журналынын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган изилдөөсүндө айтылат. Рейтингге дүйнөнүн 200 мамлекети киргизилип, ал кызматкерлердин орточо таза айлык кирешесинин негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызстандагы орточо айлык акы айына болжол менен 335 долларды түзөт. КМШ өлкөлөрүнүн арасында

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

28-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди