Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят

Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун 2025-жылдын декабрындагы баяндамасында аналитиктер Кыргызстанда орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин салыктык кирешелери кыскарышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Баалоолорго ылайык, 2024–2025-жылдары салыктык түшүүлөр ички дүң продукциянын (ИДП) 20,7%ын түзгөн.

Аналитиктердин күтүүсүнө караганда, 2026-жылы бул көрсөткүч 19,7%га чейин төмөндөйт. 2027-2028-жылдары салыктык кирешелер тиешелүүлүгүнө жараша 18,1%ды жана 16,8%ды түзөт.

"Кыргызстандын бюджети 2025-жылы негизинен салыктык эмес кирешелердин өсүшүнүн эсебинен рекорддук профицит менен аткарылды", — деп белгилешет аналитиктер.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты