Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби талкууланды.

Өткөн жылы "Риха" ЖЧКнын продукциясынан чочконун ДНКсы аныкталган фактыга байланыштуу маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Компания тарабынан оңдоочу чаралар көрүлүп, 2026-жылдын январында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр продукцияда чочконун ДНКсы жок экенин тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маселелер мындан ары мыйзамдын алкагында чечиле турганын жана кызматташтык улантыларын белгилешти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү