Финансы министрлигинде 133 млн сомдон ашуун бюджеттик бузуулар аныкталды

Финансы министрлигинде 133 млн сомдон ашуун бюджеттик бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы Финансы министрлигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүздү.

Аудиттин жыйынтыгында бюджеттик мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталбагандыгы менен байланышкан дал келбестиктердин жалпы суммасы 133,3 млн сомду түздү. Бул бюджеттик пландоодо, каржылык башкарууда жана тартипти камсыздоодо олуттуу кемчиликтер бар экенин көрсөтөт.

Аныкталган бузуулар бюджеттик процесстин бардык негизги баскычтарын камтыган. Атап айтканда, сапатсыз пландоого байланышкан бузуулар, баа жана тарифтерди түзүүдөгү укуктук дал келбестиктер, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Ошондой эле капиталдык курулуш иштеринде нарктын негизсиз жогорулатылышы, бекитилген бюджеттен ашыкча чыгымдоолор, мүлктүн сакталышы жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүдөгү кемчиликтер катталды.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларда да ченемдик талаптарды бузуу учурлары аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттик тартипти чыңдоо жана каржылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берди. Ошондой эле аныкталган бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо маселеси мыйзамга ылайык компетенттүү органдардын кароосуна жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media