Кыргыз-өзбек агроөнөр жай кызматташуусу чыңдалат

Кыргыз-өзбек агроөнөр жай кызматташуусу чыңдалат

2026-жылдын 23-январында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Өзбекстан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга министрликтин атынан министрдин орун басары Б. Бекболотов, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) секторунун башчысы И. Анарбеков катышты. Ал эми Фонддун атынан Фонддун төрагасы Азиз Аалиев, Башкармалыктын мүчөсү Жетиген Бакиров, ошондой эле Фонддун кредиттөө департаментинин директору Кубанычбек Касымбек уулу катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө агроөнөр жай тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Фонддун өкүлдөрү биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар тажрыйба алмашып, долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары жана талаптары боюнча пикир алышты, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун мындан аркы кадамдарын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди. Мэриянын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Алардын ээлерине мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы келди. Эске салсак, буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдан Кыргызстанга  күйүүчү май келерин маалымдаган. Ошондой эле ал Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн айткан. Министрдин маалыматына ылайык, күйүүчү майды Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси чечилип, Беларустан жөнөтүлгөн бир

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана  бир унааны агызып кеткен.  ӨКМДин маалыматына ылайык,  Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан.  12-июлда  жааган жаан

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Исхак Раззаков көчөсүн кыдырып, жолдун тазалыгын жана инфратүзүмдүк абалын көзөмөлдөдү. Иш сапардын жүрүшүндө жашыл аймактарды иретке келтирүү, жол жээктери жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелер текшерилди. Кыдыруунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканаларга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, көчөнүн тазалыгын туруктуу камсыз кылуу жана шаар тургундары