Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет.

"Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын астында” сактабастан, инвестицияларга, реалдуу секторлорго багыттоо зарылдыгын түшүндүрүү. Эгерде биз аймактык хаб болууну кааласак, анда инвесторлор үчүн ылайыктуу шарттарды түзүшүбүз керек. Маселен, Freedom тобу Кыргызстанда өз платформасын өнүктүрүү жана алыстан идентификациялоого уруксат берүү сунушун киргизди. Анткени азыркы заманда эч ким брокердик эсеп ачуу үчүн биздин өлкөгө атайын учуп келбейт", — деди Пирназаров.

Ошондой эле ал бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Алардын катарында улуттук депозитарийди түзүү долбоору бар. Бул демилге каржы рыногундагы айкындуулукту жогорулатып, тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Мындан тышкары, Пирназаров виртуалдык активдер тармагын өнүктүрүү үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди. Мэриянын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Алардын ээлерине мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы келди. Эске салсак, буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдан Кыргызстанга  күйүүчү май келерин маалымдаган. Ошондой эле ал Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн айткан. Министрдин маалыматына ылайык, күйүүчү майды Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси чечилип, Беларустан жөнөтүлгөн бир

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана  бир унааны агызып кеткен.  ӨКМДин маалыматына ылайык,  Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан.  12-июлда  жааган жаан

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Исхак Раззаков көчөсүн кыдырып, жолдун тазалыгын жана инфратүзүмдүк абалын көзөмөлдөдү. Иш сапардын жүрүшүндө жашыл аймактарды иретке келтирүү, жол жээктери жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелер текшерилди. Кыдыруунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканаларга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, көчөнүн тазалыгын туруктуу камсыз кылуу жана шаар тургундары