Президенттин тапшырмасына ылайык тигүү тармагын өнүктүрүү чаралары иштелүүдө

Президенттин тапшырмасына ылайык тигүү тармагын өнүктүрүү чаралары иштелүүдө

Президент Садыр Жапаровдун "Ынтымак Ордо" резиденциясында тигүү тармагынын өкүлдөрү менен өткөн кеңейтилген жолугушууда берилген тапшырмаларды аткаруу максатында Экономика жана коммерция министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте тармакты өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууну Президент Садыр Жапаров өзү өткөрүп, ага ишкерлер, жүндү кайра иштетүүчүлөр, Wildberries маркетплейсинин, логистикалык компаниялардын өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы тигүү тармагы калкты иш менен камсыз кылууда, экспортту өнүктүрүүдө жана ишкердикти колдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик органдарга жана финансылык институттарга конкреттүү тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы Президенттин жеке көзөмөлүндө.

Ошол эле күнү Экономика жана коммерция министрлиги жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрүп, тигүү тармагындагы көйгөйлөрдү тармак өкүлдөрү менен биргеликте чечүү боюнча иштерди баштады.

Министрлик тиешелүү ведомстволор менен бирге тигүү тармагынан түшкөн сунуштарды карап чыгып, тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашырууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media