Былтыр Кепилдик фонддун кепилдиктеринин 85%ы аймактарга багытталган

Былтыр Кепилдик фонддун кепилдиктеринин 85%ы аймактарга багытталган

Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонд ААКсы тарабынан берилген бардык кепилдиктердин 85%ы Кыргызстандын аймактарына багытталган. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан Кепилдик фонд ААКсы 1 656 кепилдик берип, алардын жалпы суммасы 3 789,2 млн сомду түздү. Бул ишкердик субъекттерине 12 977,2 млн сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүндүк берди.

Аймактык кесилиште кепилдик колдоонун эң ири көлөмү үч аймакка туура келди. Чүй облусу лидер болуп, анда 349 кепилдик 1 607,9 млн сом суммасында берилди, кредиттер – 5 258,3 млн сом. Жалал-Абад облусунда 258 кепилдик 157,6 млн сомго кредит – 506,8 млн. Ош облусунда 230 кепилдик 166,5 млн сомго, кредит – 532,1 млн сом.

Калган аймактарда да кепилдик колдоо туруктуу мүнөздө улантылды. Талас облусунда 178 кепилдик – 214,6 млн сом, кредит – 627,9 млн сом, Нарын облусунда 136 кепилдик – 86,9 млн сом, кредит- 270,1 млн сом, Ысык-Көл облусунда 121 кепилдик 265,9 млн сомго, кредит – 1 108,4 млн сом, Баткен облусунда 117 кепилдик 107,0 млн сомго, кредит – 324,8 млн сом кредит тартылган, Ош шаарында 22 кепилдик 112,1 млн сомго, кредит – 265,3 млн сом.

Бишкек шаарында 245 кепилдик 1 070,7 млн сом, кредит – 4 083,5 млн сом.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media