Документтери жок зер буюмдарды мыйзамдаштыруу тартиби

Документтери жок зер буюмдарды мыйзамдаштыруу тартиби

Мамлекеттик салык кызматы алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар боюнча салык төлөөчүлөр жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттенмелерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн экенин маалымдайт.

Бул үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин esf.salyk.kg сайтындагы электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында тиешелүү электрондук документти тариздөө зарыл.

Документти тариздөө үчүн системага кирип, “Сатып алуу” бөлүмүн, андан соң ББЭД бөлүмчөсүн тандап, “Кошуу” баскычын басуу керек. Ачылган терезеден “Баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар жөнүндө маалыматтарды киргизүү” талаасын белгилөө талап кылынат.

Бул параметр тандалганда электрондук документтин негизги реквизиттери автоматтык түрдө түзүлөт. Салык төлөөчү документтин товардык бөлүгүн гана Мамлекеттик салык кызматынын белгиленген тартибине ылайык толтурат.

Маанилүү: бул электрондук документти оңдоого же жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Киргизилген маалыматтар милдеттүү түрдө эсепке алынгандыктан, бардык маалыматтар так, толук жана катасыз толтурулушу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу