Кыргызстандыктар ОСАГО полиси боюнча 256 млн сом төлөм алышты

Кыргызстандыктар ОСАГО полиси боюнча 256 млн сом төлөм алышты

Кыргызстанда автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 256 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң ири бөлүгү ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрүнө туура келет. Тактап айтканда, жеке камсыздандыруу боюнча 165 млн сом, ал эми мүлктү камсыздандыруу боюнча 625 млн сом төлөнгөн.

Ошондой эле турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун алкагында жарандарга 28 млн сомдон ашык каражат берилген. Милдеттүү камсыздандыруу түрлөрүнүн арасында эң жогорку төлөм ОСАГО полистерине туура келип, ал 256 млн сомду түздү.

Марат Пирназаров белгилегендей, акыркы жылдары калк камсыздандыруунун маанисин тереңирээк түшүнүп, анын мүлктүк жана социалдык кызыкчылыктарды коргоодогу ролуна көбүрөөк көңүл бура баштады.

Мындан тышкары окуңуз

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media
Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media
Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда. 2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак

Ишкер Media