Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн кирешелер пландан ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Планга ылайык 3 млрд 26 млн 856,8 миң сом каралган болсо, иш жүзүндө 3 млрд 53 млн 740,3 миң сом чогултулуп, план 100,9%га аткарылды.

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешелери 2024-жылга салыштырмалуу 559 млн 189,2 миң сомго көбөйдү. Ал эми 2024-жылы кирешелер 2 млрд 494 млн 551,1 миң сомду түзгөн.

Мурдагы жылга салыштырганда өсүү темпи 122,4%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Дене тарбия жана спорт  агенттигинин орун басары дайындалды

Дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары дайындалды

Мирбек Моңолов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, аны Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Айбек Абдымомунов агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырды. Мирбек Моңолов, 2001-жылы Нарын мамлекеттик университетинин Финансы жана кредит факультетин

Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди

Каракол капчыгайына унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди

21-22-июлда жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол капчыгайына, “Каракол” Мамлекеттик паркынын буйругунун негизинде унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, мындан сырткары жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырат. Жеринде

Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү заводдо текшерүү жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк технологиялык процессти карап чыгып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле өндүрүлгөн продукциядан сертификациялык лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды

Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды.  Манас шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен кытай тилинде жазылган жайлардын аталыштары алынган.