2025-жылы бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда мүчүлүштүк кетирген 3472 кызматкер аныкталды

2025-жылы бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда мүчүлүштүк кетирген 3472 кызматкер аныкталды

КРнын прокуратура органдары тарабынан 2025-жылдын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү иши жүргүзүлгөн.

Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдагандай, текшерүүнүн натыйжасында, 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, аны белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 3472 кызматкер аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча 2882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароонун кезегинде турат.

Мындан тышкары окуңуз

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media