Баткен районунда 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Баткен районунда 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын чыгыш-түштүк тарабында заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги долбоордун алкагында 143 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу каралып жатканын билдирди.

Курулуш иштери 2026-жылдын январь айынын экинчи декадасынан тартып башталды.

Тамчылатып сугаруу системасынын негизги артыкчылыктары суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, сууну түздөн-түз өсүмдүктүн тамыр аймагына жеткирүү аркылуу суунун жоготууларын азайтуу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана топурактын туздануусун алдын алуу болуп саналат.

Мындан тышкары, бул система эмгек чыгымдарын кыскартып, жер семирткичтерди жана сууну натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media