Былтыр Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жеткен

Былтыр Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жеткен

Бүгүн КРнын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу басма сөз жыйыны уюштурулуп, анын жүрүшүндө КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн валюта рыногундагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди.

Козубековдун айтымында, валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон сакталып турат. Ал эми алмашуу курсу рыноктук шарттарды эске алуу менен  ийкемдүүлүгүн көрсөтүүдө.

“2026-жылдын башына бери валюта сатуунун көлөму 134,05 млн АКШ долларын түздү, ал эми 2025-жылда 853 млн АКШ долларын түзгөн. Ушуну менен бирге КРУБ эл аралык резерви жогорулаган. 2025 жылдын аягында эл аралык резерв рекорддук 8,6 млрд АКШ долларын түздү, ал 2024-жылга салыштырмалуу 69,1% өстү”-дейт, төраганын орун басары.

Мындан сырткары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга которулуп келген акчанын таза агымы да, 2024-жылга салыштырмалуу 23% өскөн. Козубековдун айтымында, бул чаралар баалардын туруктуулугун сактоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 12-кичи районунда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин 12-кичи районунда суу убактылуу өчүрүлөт

23-июлда саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде, ошондой эле башка социалдык-турмуштук жана өнөр жай багытындагы объекттерде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 12-кичи райондун аймагында суу өчүрүлөт. Диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн

Баткенде чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткандарга 11 миң сом айып салынды

Баткенде чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткандарга 11 миң сом айып салынды

Баткен облусунун Кадамжай районунда чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы билдиргендей, мыйзам бузуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузгандарга ар бирине 11 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Министрлик жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз чогултуу жана пайдалануу

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери улантылууда. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 22-июлдан тартып иштердин бешинчи этабы башталат. Оңдоп-түзөө убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат. Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3 800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын 2 415и мамлекет тарабынан жер тилкеси берилип, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, коопсуз аймактан көчө элек. Эң кооптуу көрсөткүч Ош облусунда катталган. Бул аймакта жер көчкү коркунучу бар жерлерде 2 396