Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 млн долларга жетти

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 млн долларга жетти

2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 10 млн долларга жеткенин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов билдирди.

Жыйында өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу отчет угулду.

Депутаттар Кыргызстан жарандарынын Азербайжан жана Грузиядагы укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү зарыл деп эсептешип, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүнү сунушташты.

Максат Мамыткановдун айтымында, Бишкек менен Баку Азербайжан–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча иштерди алып барууда.

Эл өкүлү Чолпон Эсенаманова оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ага Азербайжандын аймагынан транзит менен өтүү учурунда негизсиз дооматтар коюлуп жатканына байланыштуу кайрылып жатканын айтып, бул маселеге көңүл бурууну дипломаттан суранды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 4,1 чакырымдык көчө толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте 4,1 чакырымдык көчө толугу менен реконструкцияланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Элебесов, Безымянная жана Кожевенная көчөлөрүндө жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, Элебесов көчөсүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, канализация куруу маселесин талкуулады. Жыйынтыгында "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасына үч күндүн ичинде канализация тармактарын тартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, расмий жооп берүү тапшырылды.

Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат ташып келгендер кармалды

Таиланддан ири өлчөмдө баңгизат ташып келгендер кармалды

Таиланддан баңгизат ташып келүүгө шектүү катары 46 жана 37 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн жанынан жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзгөн марихуана баңгизаты табылган. Баңгизаттын баасы 400 миң доллардан ашмак. Тергөөдө баңгизат партиясы Казакстанга мыйзамсыз өткөрүлмөк. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Нуркожо-Ата" жана "Адилет" конуштарынын тургундары менен көчмө жолугушуу өткөрүп, аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун каттамын жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана жер мунапысынын алкагында корголуучу аймактагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселелерин

"Түндүк" аркылуу медициналык кызматтарды пайдалангандардын саны 3 млнго чукулдады

"Түндүк" аркылуу медициналык кызматтарды пайдалангандардын саны 3 млнго чукулдады

Бүгүнкү күндө дээрлик 2,94 миллион адам “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик медициналык кызматтарды колдонуп, дарыгерге онлайн жазылып, анализдеринин жыйынтыктарын алып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, телемедицина алыскы аймактардагы балдарды адистер менен байланыштырып, санариптик чечимдер энелердин саламаттыгы, эмдөө жана майыптыгы бар адамдар үчүн кызматтарды жакшыртууда. БУУнун Кыргызстандагы