ММКФнын 2026-жылга бюджети 10,7 млрд сом деп бекитилди

ММКФнын 2026-жылга бюджети 10,7 млрд сом деп бекитилди

Президент Садыр Жапаров "Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата бюджет жөнүндө" мыйзамга кол койду.

ММКФнын 2026-жылга карата бюджети кирешелер боюнча 10 млрд 737 млн 596 миң сом өлчөмүндө, чыгашалар боюнча да ушундай эле көлөмдө бекитилди. Ошондой эле Фонддун 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилдеги бюджети да жактырылды.

Мыйзам менен республикалык бюджеттен ММКФга өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын көлөмү 2026, 2027 жана 2028-жылдар үчүн жыл сайын 2 057 870,4 миң сом өлчөмүндө белгиленди. Республикалык бюджеттен бөлүнүп, пайдаланылбай калган каражаттар алар берилген бюджеттин кирешесине кайтарылып алынат.
Ошондой эле Социалдык фонддун бюджетинен ММКФнын бюджетине которула турган каражаттардын көлөмү аныкталды. Тактап айтканда, 2026-жылы — 6 503 418,2 миң сом, 2027-жылы — 6 911 898,5 миң сом, 2028-жылы — 7 472 258,3 миң сом. Социалдык фондго жыл ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында жана толук которулушун камсыз кылуу тапшырылды.

ММКФнын 2026-жылга карата бюджетинин айланма кассалык накталай каражаттарынын көлөмү 541 951,5 миң сом өлчөмүндө белгиленди. Бул каражаттар табигый кырсыктар, техногендик катастрофалар, террордук актылар жана башка өзгөчө кырдаалдар сыяктуу сындуу жагдайлар жаралган учурда Фонддун чыгымдык милдеттенмелерин аткарууга багытталышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк акча которуу системаларынын иштөө тартибине өзгөрттүү киргизди

Улуттук банк акча которуу системаларынын иштөө тартибине өзгөрттүү киргизди

Улуттук банк акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлүүчү которууларга байланыштуу эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтом 2026-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Жаңы талаптарга ылайык, акча которуу системаларынын операторлору жаңы кызматтарды же сервистерди ишке киргизерден кеминде 15 жумуш күнү мурда Улуттук банкка алдын ала маалымдап, бардык өзгөртүүлөр тууралуу толук маалымат берүүгө милдеттүү.

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди

Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 млн 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 % тоолуу аймактар. Бул тууралуу президент өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 млн 82

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлдөгү жүктөр эми "Санарип VET" маалыматтык системасы аркылуу текшерилип, бардык процесс электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлгө

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкекте бактарды мыйзамсыз кыйган ишканага 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги Ж.Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Бишкек шаарындагы Ж. Пудовкин көчөсүндө бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка