Кыргызстанда айылдардын 50%ы ичүүчү суу менен камсыз болгон

Кыргызстанда айылдардын 50%ы ичүүчү суу менен камсыз болгон

Кыргызстанда айылдардын болжол менен 50%ы гана ичүүчү таза суу менен камсыздалганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев парламент жыйынында билдирди.

Депутат министрдин орун басарынан шаар калкынын канча пайызы ичүүчү суу менен камсыз болгонун тактады. Керималиев шаарлар боюнча өзүндө так маалымат жок экенин айтты.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев алардын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында калктын 90%ы ичүүчү суу менен камсыз экенин белгиледи. "Административдик-аймактык реформа алкагында шаарга Мурас-Ордо, Салкын, Озёрное сыяктуу жаңы конуштар кошулду. Бул аймактарда 15 миңге жакын адам жашайт. Ошондой эле Ак-Босого конушунда болжол менен 20 миңдей калк бар. Эң эле негизги жана фундаменталдуу маселе — бул аймактарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу", — деп баса белгиледи депутат.

Өз кезегинде "Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Шадманов суу менен камсыз кылуу түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети экенин билдирди. Анын айтымында, аталган мекеме ар кандай долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгып, ишке ашырат. Депутат айткан турак жай массивдери боюнча учурда пландар жана долбоорлор бар, алар боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди. Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар. Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон: * Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин; * Жибек Жолу проспектиси боюнча

Ишкер Media
Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media