Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окутуунун заманбап усулдарын жана билим берүү технологияларын киргизүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Армениянын  билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасян менен биргеликте TUMO креативдүү технологиялар борборунда болушту.

Алар борбордун ишмердүүлүгү, билим берүү программалары, окуучулардын санариптик жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган инновациялык ыкмалары менен таанышып чыгышты.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, расмий сапардын алкагында Агартуу министри менен Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу пландаштырылууда.

Документ мектептик жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоону, педагогикалык кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатында тажрыйба алмашууну ишке ашырууну карайт.

Мындан тышкары окуңуз

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media
Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен жолугушту

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен жолугушту

ПрезидентСадыр Жапаров кече, Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле

Ишкер Media
Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, долбоор Жусуев, Курманжан Датка, Т.Касымбеков жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Долбоордун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус,

Ишкер Media