Кытай компаниясы Кыргызстандагы ири долбоорлорго кызыкты

Кытай компаниясы Кыргызстандагы ири долбоорлорго кызыкты

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. (Taifaxian Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында бир катар ири приоритеттүү инвестициялык долбоорлор көрсөтүлдү. Алардын катарына Чаткал каскадын куруу, Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу, «"Ала-Тоо Резорт" туристтик долбоорун өнүктүрүү, "Ат-Башы" эл аралык соода-логистикалык борборун түзүү, "Топурак-Бел" шамал электр станциясын куруу, ошондой эле Түрксиб — Балыкчы темир жол тилкеси жана "Асман Сити" долбоорлору.

Сунушталган долбоорлор кытай делегациясынын олуттуу кызыгуусун жаратты. Талкуунун жүрүшүндө инфраструктуралык жана девелопердик компоненттерди ишке ашырууга компаниялардын катышуусунун мүмкүн болгон форматтары, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана түз инвестициялар каралды.

Жыйынтыгында тараптар курулуш, энергетика жана шаардык инфраструктура тармактарындагы инвестициялык долбоорлорун, кызматташтыктын конкреттүү багыттарын мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын беш жылдык фискалдык саясаты жактырылды

Кыргызстандын беш жылдык фискалдык саясаты жактырылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында Кыргызстандын 2027-2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорукаралды. Финансы министри Руслан Суйналиев алдыдагы беш жылга каралган киреше жана чыгаша параметрлери боюнча баяндама жасады. Ошондой эле инфраструктуралык

Жети-Өгүздө 2,5 млн сом үчүн муниципалдык мончо мыйзамсыз күрөөгө коюлган

Жети-Өгүздө 2,5 млн сом үчүн муниципалдык мончо мыйзамсыз күрөөгө коюлган

Жети-Өгүз районунда муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратуранын текшерүүсүндө 2022-жылы Ж.К. аттуу жаранга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 2,5 млн сом пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берилгени аныкталган. Каражаттын кайтарылышын камсыздоо үчүн Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы

Саммитке даярдык: "Бишкек" эркин экономикалык аймагы иретке келтирилүүдө

Саммитке даярдык: "Бишкек" эркин экономикалык аймагы иретке келтирилүүдө

Алдыда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын аймагында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ырыс Ордо" конгресс-холлуна жана конок үйлөрүнө жакын жайгашкан аймактын абалы текшерилди. Белгиленгендей, мониторингдин жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук

Мобилдик операторлор эч качан SMS-кодду сурабайт

Мобилдик операторлор эч качан SMS-кодду сурабайт

Ош шаарында жарандарды кибер алдамчылыктан коргоо жана интернет аркылуу жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында шаардык милиция түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүүдө. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардын коомдук жайларында жана коомдук транспорттордо жарандарга кибер алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү тууралуу маалымат берилип, эскертүү баракчалары көрүнүктүү жерлерге