Бишкекте бир жашка чейинки 60тан аз, 3 жашка чейин 200дөй гана бала жөлөк пул алат

Бишкекте бир жашка чейинки 60тан аз, 3 жашка чейин 200дөй гана бала жөлөк пул алат

Кыргызстандын мыйзамдарында мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн көптөгөн тоскоолдуктар бар экенин "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык төлөмдөрдүн алты түрү бар жана аларды ай сайын болжол менен 300 миң адам алып келет:

  • бала төрөлгөндө — 4 миң сом;
  • 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 1 миң 200 сом;
  • пенсия алууга укугу жок жарандарга социалдык жөлөкпул — 6 миң 300 сом;
  • ата-энеси белгисиз балдарга — 6 миң сом;
  • бийик тоолуу райондордо үчүнчү жана андан кийинки балдар үч жашка чыкканга чейин үй-бүлөлөргө — 3 миң сом;
  • бийик тоолуу райондордо көп балалуу энелерге бала төрөлгөндө (төртүнчү жана андан кийинки) — 100 миң сомдон 1 миллион сомго чейин (бир жолку төлөм).

Ошол эле учурда Эдиль Байсалов мурда бюджеттин чектелүү болгондугуна байланыштуу өкмөт жөлөкпулдардын даректүүлүгү боюнча саясат жүргүзгөнүн белгиледи.

"Жөлөкпул алуу үчүн ар кандай тоскоолдуктар түзүлгөн. Азыр болсо биз Конституциядагы Кыргызстан социалдык мамлекет экендиги тууралуу беренеге толук жооп бербей жатабыз. Президент социалдык төлөмдөрдө тоскоолдуктардын көптүгүнө нааразы. Мисалы, Бишкекте 1,5 млн калк жашаса да, бир жашка чейинки 60тан аз бала гана жөлөкпул алат, ал эми үч жашка чейинкилер — болжол менен 200. Бул туура эмес", — деди МинКаб төрагасынын орун басары.

Ал ошондой эле Министрлер кабинетинде жана депутаттар тарабынан жөлөкпулдарды төлөөгө байланыштуу ар кандай долбоорлор демилгеленип жатканын жана алардын баары каралып, талкууланарын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16