Кыргызстанда 950 миң бала жакырчылык деңгээлинде жашайт

Кыргызстанда 950 миң бала жакырчылык деңгээлинде жашайт

Кыргызстанда калктын жакырчылык деңгээли өтө жай төмөндөп жатат. Бул тууралуу депутаттык "Элдик" жана "Ала-Тоо" топторунун биргелешкен жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди.

"Элдик" тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев депутаттар Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзамдардын аткарылышын талкуулоо үчүн чакырганын белгиледи. Анын айтымында, 12 жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул берүү тууралуу мыйзам долбоору демилгеленген.

Эдиль Байсалов калктын жакырчылык көрсөткүчү пандемия маалында кескин өсүп, 30%га жеткенин айтты.

"Эгер адамдын жылдык кирешеси 65 миң сомдон төмөн болсо, ал жакырчылыктын чегинде жашайт деп эсептелет. Өткөн жылы бул көрсөткүч 25,7%ды түздү. Бардык аракеттерге карабастан, жакырчылык өтө жай — жылына болгону 2%га гана азайып жатат", — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Анын айтымында, 16 жашка чейинки балдар арасындагы жакырчылык деңгээли 33%га жетет. Кыргызстанда 950 миң бала жакырчылыктын чегинде жашоодо.

Ошондой эле Эдиль Байсалов Министрлер кабинетинин беш жылдык планына жакырчылык деңгээлин 20%га чейин төмөндөтүү пункту киргизилгенин, ал эми беш жыл ичинде бул көрсөткүчтү 15%га чейин төмөндөтүүгө үмүт бар экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media