Улуттук банктын 2025-жылдагы кирешесинин 100%ы өлкө казынасына которулат

Улуттук банктын 2025-жылдагы кирешесинин 100%ы өлкө казынасына которулат

Жогорку Кеңешке Улуттук банктын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешесинин 100%ын республикалык бюджеттин кирешесине которууну караган конституциялык мыйзам долбоору киргизилди.

Документке ылайык, кирешени бөлүштүрүүнү жана резервдерди түзүүнү жөнгө салган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 4- жана 5-бөлүктөрүнүн колдонулушу убактылуу токтотулат жана 2025-жыл үчүн отчеттуулукка карата колдонулбайт. Каражаттарды которуу жылдык финансылык отчеттуулук көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан тастыкталгандан кийин жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле мурда ушундай тартипти жөнгө салган 2025-жылдын 5-февралындагы №34 мыйзамды күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул демилге социалдык маанидеги чыгымдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган. Документти Жогорку Кеңештин Регламентинин экономикалык туруктуулукка байланышкан мыйзам долбоорлору үчүн каралган нормаларына ылайык, кезексиз тартипте жана үч окууда бир учурда кароо сунушталууда.

Мыйзам долбоору бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана башка нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл кылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media