АКШнын ири компаниялары менен инвестициялык келишимдер түзүлөт

АКШнын ири компаниялары менен инвестициялык келишимдер түзүлөт

Бишкекте америкалык алдыңкы компаниялардын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатканын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташууну чыңдоого, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарында ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Америкалык тараптан АКШ–Кыргызстан шшкердик кеңеши, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча финансылык корпорациясы (DFC), Невада университети (Рино), Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештер, ошондой эле GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC жана TETHYS: Trans-Eurasian Gateway сыяктуу ири эл аралык компаниялар катышууда.

Эки тараптуу жолугушууларда инвестиция, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт жана логистика, финансы рыноктору, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү багыттарындагы кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Кыргызстанда биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык, технологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, эртең, 3-февралда Кыргызстан менен америкалык өнөктөштөрдүн ортосунда инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган кызматташтык жөнүндө бир катар меморандумдарга кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media