Ири суммадагы акча талап кылгандар кармалды

Ири суммадагы акча талап кылгандар кармалды

Милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө опузалап талап кылууга тиешеси бар адамдар тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ж.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн Хамза жана Али деп тааныштырган белгисиз адамдар маркум уулунун буга чейин болгон карызын шылтоо кылып, андан 7 млн сом талап кылышкан. Баш тарткан учурда арыз ээсине зомбулук көрсөтөбүз деп коркутушкан.

Бул факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тергөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда К.Н. (2005-жылы туулган) жана Т.Х. (2001-жылы туулган) кармалды.
Кийинчерээк үчүнчү катышуучу — Ж.А. (1986-жылы туулган) да аныкталып, кармалды. Тергөө маалыматтарына ылайык, ал кылмыштын уюштуруучусу болгон. Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кылмыштуу топ тарабынан пайдаланылган транспорт каражаты алынган. Унаа айып короого коюлду.

Бардык кармалгандар ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө учурунда Ж.А. жабырлануучу менен бир нече жылдан бери тааныш болгону, анын мүлктүк абалы жана үй-бүлөлүк жагдайлары тууралуу маалыматка ээ экени аныкталган. Арыз ээсинин уулунун каза болгонунан пайдаланып, ал опузалап талап кылуу ишин уюштуруп, башка адамдарды кылмышка тарткан.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media