Кыргызстанда 411 мыйзамсыз таштанды жайлары 290го кыскарды

Кыргызстанда 411 мыйзамсыз таштанды жайлары 290го кыскарды

Кыргызстанда башаламан таштанды төгүлгөн жайларды кыскартуу боюнча иштер уланып жатканын агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө административдик-аймактык реформа (ААР) улантылып жатат.

"Мурда өлкө боюнча 411 мыйзамсыз, башаламан таштанды жайы бар болчу, административдик-аймактык реформадан кийин алардын саны 290го чейин кыскарды. Салыштыруу үчүн айтсак, калкы 40 миллион болгон Өзбекстанда болгону 120 таштанды полигону бар. Биз да өлкө боюнча таштанды жайларын ирилетип, бириктирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча жобо иштелип чыгып, аны ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлүп берилди", — деди Медербек Машиев.

Жыйында депутат Эркайым Сейитказиева Ысык-Ата районунун Гагарин айылындагы таштанды полигону маселесин чечүүгө чакырды.

"Жай мезгилинде ал полигон дайыма күйүп, анын түтүнүнө жергиликтүү тургундар жана Кант шаарынын жашоочулары дем алууга аргасыз болууда. Ал жерде таштандыларды сорттоочу ишкана куруу зарыл", — деп кошумчалады ал.

Министр эл аралык уюмдар менен туруктуу иш алып барылып жатканын да белгиледи.

"Өзүңүздөр билгендей, Бишкек шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Азыр анын кубаттуулугун кеңейтүү маселеси каралууда, мындан ары ал Чүй облусундагы полигондордон чыккан таштандыларды да кайра иштете ала тургандай болушу керек", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media