Кыргызстанда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган каржылоо 50 млн сомго жетти

Кыргызстанда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган каржылоо 50 млн сомго жетти

Кыргызстанда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган каржылоо көбөйгөнүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул багыттагы бюджет 4 млн сомду түзсө, учурда ал 50 млн сомго жетти.

Мындан тышкары, министрлик жаштар долбоорлорун мамлекеттик социалдык буйрутма аркылуу да каржылайт.

"2023-жылдан тарта жаштар уюмдарынын арасында конкурс өткөрүлүп келет. Эң мыкты долбоорлор тандалып алынып, ар бирине 1 млн сомго чейин каржылоо берилет. 2025-жылы 11 долбоорго 10 млн сом бөлүнүп, колдоо көрсөтүлдү", — деди министрдин орун басары.

Өз баяндамасында Марат Тагаев өлкөдө 2020–2030-жылдарга карата жаштар саясатынын концепциясы кабыл алынганын эске салды. Анын алкагында жаштардын потенциалын кеңейтүү, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, билим берүү жана өнүгүүнү чыңдоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Министрдин орун басарынын айтымында, эки жылда бир жолу "Кыргызстан жаштарынын жыргалчылык жана өнүгүү индекси" аттуу улуттук изилдөө жүргүзүлөт. Акыркы изилдөө 2025-жылы өткөрүлүп, анын жыйынтыктары 2026-жылдын январь айында сунушталган.

Ошондой эле ал депутаттарга жаштар арасында өткөрүлүп жаткан конкурстар, жаш кыргызстандыктардын улуттук жана эл аралык долбоорлорго катышуусу жана алардын ар кандай тармактарга кошуп жаткан салымы тууралуу кеңири маалымат берди.

2025-жылга карата Кыргызстанда 14 жаштан 35 жашка чейинки 2 млн 519 миң жаран бар экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media