“Эмираттардын инвестициялык агенттиги” Кыргызстанга ири инвестиция салууга кызыкдар

“Эмираттардын инвестициялык агенттиги” Кыргызстанга ири инвестиция салууга кызыкдар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында “Эмираттардын инвестициялык агенттиги” (Emirates Investment Authority) суверендүү инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Адылбек Касымалиев Кыргызстан суверендүү фонддор менен түз байланыш түзүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытай, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган стратегиялык аймакта жайгашып, транспорттук-логистикалык инфраструктура, энергетика, минералдык ресурстар, телекоммуникация, санариптик инфраструктура жана агробизнес тармактарында жогорку инвестициялык потенциалга ээ.

МинКаб Төрагасы акыркы төрт жылда Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүп, 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 11%га жеткенин белгиледи. Ошондой эле суверендүү кредиттик рейтингдердин жогорулашы жана бюджеттик кирешелердин көбөйүшү инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүп жатканын кошумчалады.

“Биз инвестицияларды биргелешип ишке ашырууга, долбоорлорго капитал тартууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк түзүүгө ачыкпыз”, — деди Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары, ал Эмираттардын инвестициялык агенттигинин өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында өтө турган “Борбор Азия – Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Өз кезегинде Мохаммед Хамад Аль-Мехайр кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, конкреттүү инвестициялык долбоорлор боюнча мындан аркы диалогго даяр экенин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media