Караколдо мыйзамды одоно бузган 16 ломбард мөөрлөндү

Караколдо мыйзамды одоно бузган 16 ломбард мөөрлөндү

Каракол шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери ломбарддарга карата кеңири масштабдуу текшерүү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөнүн ведомствонун басма сөз борбору билдирди.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө айрым уюмдар "Ломбарддардын ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын одоно бузганы аныкталган. Тактап айтканда, айрым каржы мекемелери күрөө катары жеке мүнөздөгү документтерди жана менчик укугун тастыктаган актыларды кабыл алышкан. Алардын катарында:

  • жалпы жарандык паспорттор;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр;
  • жер тилкесине жана мүлккө жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында күч түзүмдөрү 16 ломбардды мөөрлөдү. Калган соода түйүндөрү боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Карыз алуучулардын укуктарын коргоо максатында УКМКнын кызматкерлери бизнес ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Негизги талап — "Сүткордук ишмердүүлүгүн чектөө жөнүндө" мыйзамды так сактоо. Белгиленген пайыздык чен жылына 30%дан ашпоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

"Касиет"фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө

"Касиет"фабрикасынан 75 тонна продукция өндүрүлүүдө

26-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Касиет" камволдук-жип ийрүүчү фабрикасына барды. Бул тууралуу МинКабдан маалымдады. Билдирүүгө таянсак, сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы ишкананы толук кыдырып, азыркы абалын жеринен көрүп чыкты. Фабрика 1971-жылы негизделип, 1977-жылы ишке кирген. Анын долбоордук кубаттуулугу

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media