Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын билдирди

Декларация тапшыруу өнөктүгү салык төлөөчүлөрдүн категориясына жараша эки этапта жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-апрелине чейин декларация тапшырууга:

  • ата мекендик уюмдар (бюджеттик мекемелерди жана мүлк салыгы боюнча милдеттенмеси жок уюмдарды кошпогондо);
  • Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Судьяларды тандоо боюнча кеңештин, Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү милдеттүү.

2026-жылдын 1-майына чейин декларация тапшырууга тийиш:

  • жеке ишкерлер (патент менен иштегендерди, өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөндөрдү, бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкаларын колдонгондорду, ошондой эле юридикалык жак түзбөстөн иш алып барган дыйкан чарбаларын кошпогондо);
  • эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргызстан жарандары;
  • отчеттук мезгилде киреше салыгы кармалбаган киреше алган жеке жактар.

Ошол эле учурда, башка категориядагы жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк салыктык жеңилдиктерди алууну пландагандар декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.

Декларацияны кантип тапшырууга болот?

Бирдиктүү салык декларациясы жалаң гана электрондук түрдө — Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу, Cabinet.salyk.kg порталы аркылуу кабыл алынат.

Декларацияда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:

  • кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар;
  • экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү;
  • мүлк объекттери жана жер тилкелери;
  • отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммалары.

Кошумча маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 телефону аркылуу, ошондой эле Салык кызматынын расмий сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media