Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады.

Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн 128,1 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, эң ири суммадагы бузуулар мүлктүн сакталышын камсыз кылбоого байланыштуу болуп, 390 млн 397,5 миң сомду түзгөн. Анын ичинен 92 млн 821 миң сом калыбына келтирилген. Ошондой эле бухгалтердик эсеп боюнча талаптардын бузулушу 332 млн 253,1 миң сом деп аныкталып, анын 331 млн 786,5 миң сому калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, мүлктү пайдалануу боюнча 44 млн 803,2 миң сомдук, бюджеттин долбоорун түзүүдө 28 млн 485,1 миң сомдук, милдеттенмелерди кабыл алуу жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо боюнча 10 млн 588,9 миң сомдук бузуулар аныкталган.

Айрым материалдар, анын ичинде Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы “Мүлк” муниципалдык ишканасында жетекчилер алмашканда документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын түзүлбөгөнү жана мурдагы башкы эсепчинин айрым эмгек акы документтерин жок кылганы тууралуу маалыматтар укуктук баа берүү үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлдү. Ошондой эле Балыкчы шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүндө 776,6 миң сом чыгым тастыктоочу документтерсиз жүргүзүлгөнү боюнча материалдар да прокуратурага сунушталган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн Балыкчы шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке жана тиешелүү мекеме-ишканаларга отчет, жазма буйруктар жана сунуштар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media