Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди.
Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти.
Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай, 12си — турак эмес жайлар жана башка объектилер болгон.
Техникалык корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоодо, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү роль ойнойт.