“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52 миңге же 26,6%га көбөйдү.

Программанын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири — “Түндүк” мобилдик тиркемесинин активдүү колдонулушу. Арыздардын 83% электрондук форматта, ал эми 17% аймактык бөлүмдөр аркылуу келип түшүүдө.

Билдирүүгө караганда, учурда система маалыматтарды пландуу жаңыртуу жана актуалдаштыруу иштерин, ошондой эле келип түшкөн арыздарды этап-этабы менен иштеп чыгууну жүргүзүүдө. Мындан тышкары, эсептөөлөрдүн жана жөлөкпулдарды дайындоонун тууралыгын камсыз кылуу үчүн маалыматтарды кошумча салыштырып текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул жол-жоболор көп сандагы кайрылууларды иштеп чыгуунун белгиленген процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана төлөмдөрдүн туура эсептелип, дайындалышын камсыз кылууга багытталган.

Бала ырысы жөлөкпулунун өлчөмү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир балага айына 1 200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдар үчүн жөлөкпулдун өлчөмү белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен аныкталат.

Жооптуу мамлекеттик органдар жана техникалык адистер учурда аныкталган дал келбестиктерди жоюу жана системанын туруктуу иштешин жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди улантууда.

 Арыздарды иштеп чыгуу аяктагандан кийин төлөмдөр белгиленген тартипте 10–11-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media