Кыргызстандын 16 жараны Түштүк Кореяга иштөөгө кетти

Кыргызстандын 16 жараны  Түштүк Кореяга иштөөгө кетти

2026-жылдын 3-февралында Кыргызстандын 16 жаранынан турган кезектеги топ EPS программасынын алкагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Корея Республикасына учуп кеткенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Чет өлкөлөргө жарандарды ишке орноштуруу борбору келишим түзүлгөн талапкерлер үчүн 5 күндүк окуу өткөрдү. Окуу программасында корей тилине жана аны иш чөйрөсүндө практикалык колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Окуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • маданияттар аралык түшүнүк жана адаптация — Корея Республикасынын маданияты жана тарыхы менен таанышуу;
  • социалдык нормалар — жүрүм-турум эрежелери, салттар жана эмгек этикасы;
  • корей тилин тереңдетип үйрөнүү — ийгиликтүү интеграция үчүн тил деңгээлин жогорулатуу;
  • практикалык даярдык — жумуш чөйрөсүнө көнүү жана жетекчилик менен өз ара аракеттенүү.

Борбор Корея Республикасына жарандарды ишке орноштуруу иштерин 18 жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүп келет. Корея Республикасынын Эмгек министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны жумуш менен камсыз болгон.

Учурда EPS программасы аркылуу Корея Республикасында 1,5 миңден ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында, анын ичинде тамак-аш, химия, кагаз тармактарында, ошондой эле пластик, резина жана айнек буюмдарын өндүргөн заводдордо иштешет.

Орточо айлык маянасы 1 700 долларды түзөт, мында жашоо жана тамак-аш чыгымдары (жарым-жартылай же толугу менен) иш берүүчү тарабынан төлөнөт.

EPS программасына катышуунун негизги талабы — корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media