Бишкекте жогорку класс окуучуларына планшеттерди алуу каралып жатат

Бишкекте жогорку класс окуучуларына планшеттерди алуу каралып жатат

Бишкек шаарындагы жогорку класстын окуучулары үчүн мектептерге планшеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Татьяна Кузнецова  борбор калаадагы мектептердин компьютер менен камсыздалышы тууралуу суроо узатты.

"Окуу планында информатика сабагы 9-класска чейин окутулат. Сабак сааттары окуу программасына ылайык болушу керек. Компьютерлер жок шартта окуу программасы толук аткарылып жатабы?" — деп сурады ал.

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева түшүндүргөндөй, Агартуу министрлиги 9–11-класстардын окуучуларын планшеттер менен камсыз кылуу боюнча суроо-талап жөнөткөн. Департамент тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, маалыматты министрликке жолдогон. Анын айтымында, каражаттын көлөмү чоң.

Татьяна Кузнецова бул планшеттерге электрондук окуу китептери жүктөлөбү деп тактады. Рахат Мусаева бул суроого ооба деп жооп берди.

Ошондой эле департаменттин жетекчиси билдиргендей, 2026-жылкы бюджетте компьютерлерди сатып алууга 14 млн 140 миң сом каралган. Анын айтымында, бардык аймактар мугалимдер үчүн ноутбуктарды алышты, ал эми Бишкек жакынкы күндөрү алат.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media