Келерки жылы шаардык Билим берүү департаментинин бюджети 851 млн сомго көбөйөт

Келерки жылы шаардык Билим берүү департаментинин бюджети 851 млн сомго көбөйөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева  Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында ведомствонун 2026-жылга карата бюджетин тааныштырды.

Анын айтымында, 2026-жылы департаменттин бюджети 851 млн 566,9 миң сом көлөмүндө пландалууда.  2025-жылы болсо бюджет 437 млн 588,2 миң сомду түзгөн. Ошентип, өсүш 413 млн 978,7 миң сомду түзөт.

Мусаева белгилегендей, бюджеттин көбөйүшүнүн негизги себеби — объекттердин титулдук тизмесинин кеңейиши. Мектептер жана бала бакчалар жыл сайын эскирип, оңдоо иштерине көп каражат талап кылынгандыктан, быйыл титулдук тизмеге 510 млн сом киргизилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 310 млн сомго көп. 2025-жылы титулдук объекттердин бюджети 200 млн сом болгон.

Ошондой эле кенже тейлөөчү жана техникалык кызматкерлердин айлык маянасы 10 млн 270 миң сомго жогорулаган. Жаш мугалимдер үчүн депозит дагы 5,5 млн сомго көбөйтүлгөн.

2026-жылы 32 жаңы мектеп курулуп, бала бакчалар ачылат. Алардын материалдык-техникалык базасын камсыздоого 46 млн 921 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле мектептер үчүн компьютерлерди, муздаткычтарды жана башка жабдууларды сатып алууга каралган каражаттар көбөйтүлгөн.

Шаардык иш-чараларга балдарды тартуу масштабы да кеңейүүдө. Эгер мурда жаңы жылдык иш-чаралар 1000 окуучу үчүн пландалса, эми 3000 бала камтылат. Балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат да көбөйтүлүп, мурда 350 бала жөнөтүлсө, эми 700 баланы жайкы эс алууга жөнөтүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын

Ишкер Media
Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media