Коммерциялык банктар кардарлардын акчаларынын максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү – Салык кызматы

Коммерциялык банктар кардарлардын акчаларынын максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү – Салык кызматы

Коммерциялык банктар "кардарыңды тааны" (KYC) принцибине ылайык кардарлардын эсептерин пайдаланууну, анын ичинде акча каражаттарынын түшүшүнүн жана которууларынын максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин Мамлекеттик салык кызматынын банктар менен өз ара иштешүү бөлүмүнүн башкы инспектору Айана Айтиева билдирди.

Анын айтымында, эрежелердин бузулушу боюнча сандык көрсөткүчтөр коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын компетенциясына кирет. Ошол эле учурда ар бир банк кардарлардын операцияларын көзөмөлдөөгө жана жеке эсептердин, ошондой эле электрондук капчыктардын ишкердик максатта колдонулган учурларын аныктоого милдеттүү.

Айтиева билдиргендей, 2025-жылы салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ишкердик субъекттерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ишкерлерге мыйзам талаптарына ылайык катталган ишкердик эсептерин гана жана накталай эмес төлөмдөрдүн тиешелүү инструменттерин колдонуу зарылдыгы эскертилген.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча салык кызматы аныкталган учурлардын тизмесин түзүп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга маалыматтарды жөнөткөн.

"Кайсы так чаралар колдонулары — бул Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын компетенциясына кирген маселе", — деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, ишкердик ишмердүүлүккө тиешеси жок учурда жеке эсептерди, электрондук капчыктарды жана QR-төлөмдөрдү колдонгон ишкерлердин саны көп болгондугуна байланыштуу, Улуттук банк бир катар коммерциялык банктарга айып пул санкцияларын колдонгон.

Мындан тышкары окуңуз

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын

Ишкер Media
Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media