Көмүр байытуучу фабрикага Президенттик фонддон 200 млн доллар бөлүнөт

Көмүр байытуучу фабрикага Президенттик фонддон 200 млн доллар бөлүнөт

Бүгүнкү күндө негизги көйгөйлөрдүн бири элдин көмүр колдонуусу экенин 2026-жылдын 5-февралында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, МинКаб өнөр жай ишканаларына коюлган талаптарды да катаалдаштырууда. Тактап айтканда, тазалоочу фильтрлерди орнотпогон компаниялар мажбурлап жабылат.

Мындан тышкары, буга чейин өлкөдө майда көмүрдү импорттоого тыюу салынган. Кийинки чаралардын алкагында Президенттик фонддон көмүр байытуучу фабрика куруу үчүн 200 млн доллар бөлүнгөн.

Амангельдиев белгилегендей, кийинки жылдан тартып ири жана орто шаарларда майда көмүрдү ташып келүүгө толугу менен тыюу салынат. Бул чара аба булгануусунун деңгээлин төмөндөтүүгө жана калктуу конуштардагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

2025-жылдын октябрь айында МинКаб Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында фракциясы 0–13 мм болгон майда көмүрдү  импорттоого, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салган.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media