Кыргызстанда "Асман Банк" ЖАКына лицензия берилди

Кыргызстанда "Асман Банк" ЖАКына лицензия берилди

Улуттук банк "Асман Банк" жабык акционердик коомуна банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берди.

Улуттук банктан билдиришкендей, тиешелүү чечим жөнгө салуучу органдын башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 4-февралында кабыл алынган. Документ "Асман Банкка" улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды ишке ашыруу укугун берет.

Улуттук банк лицензия мыйзамда белгиленген тартипте берилгенин белгиледи.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү,

Кочкордо заманбап спорткомплекс курулуп жатат

Кочкордо заманбап спорткомплекс курулуп жатат

Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап спорткомплекстин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, спорттук объект Президенттин турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Башкы планга ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1433 чарчы метрди түзөт. Комплексте