МинКаб 2026-жылга Статистикалык программаны бекитти

МинКаб 2026-жылга Статистикалык программаны бекитти

Министрлер Кабинети 2026-жылга карата Статистикалык программаны бекиттти. Бул тууралуу тиешелүү №13 токтом 2026-жылдын 19-январында  кабыл алынды.

Токтомго ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитет, өзгөчө макамы бар мамлекеттик органдар, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле макулдашуу боюнча чарбалык субъекттер бекитилген программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды Улуттук статистика комитетине тапшырууга милдеттүү.

Ошол эле учурда Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы №761 токтому (2025-жылга карата Статистикалык программа бекитилген) күчүн жоготту деп табылды.

Программа төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Улуттук статистика комитети жүргүзгөн статистикалык изилдөөлөрдүн тизмеси (формалары, респонденттери, мезгилдүүлүгү жана тапшыруу мөөнөттөрү);
  • Мамлекеттик органдардын статистикалык максаттар үчүн берилүүчү административдик маалыматтары (кайсы маалымат, кайсы мөөнөттө берилет);
  • Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык басылмалары (бюллетендер, жыйнактар, ыкчам маалыматтар жана жарыялоо мөөнөттөрү), ошондой эле Улуттук банктын блогу (төлөм балансы, бюллетень ж.б.);
  • Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү (аткаруучулар жана мөөнөттөр);
  • Климаттын өзгөрүшү боюнча статистика (көрсөткүчтөр, жооптуу аткаруучулар жана мөөнөттөр).

Мындан тышкары окуңуз

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын

Ишкер Media
Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media