МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт

МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт

Кыргызстандын геостратегиялык жайгашуусу өлкөгө финансылык, соода жана логистикалык агымдар үчүн ири аймактык хабга айланууга мүмкүнчүлүк берери 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасында белгиленген.

Максатка жетүү боюнча негизги көрсөткүчтөр:

  • темир жол транспорту аркылуу жүк ташууну жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү;
  • республикалык маанидеги автожолдордун кеминде 50%ын куруу жана оңдоо;
  • кампалык кубаттуулуктарды кеңейтүү: кеминде 1 млн чарчы метр жаңы комплекстерди куруу;
  • авиациядагы жүргүнчү агымын 7 млн адамга чейин, ал эми аба жүк ташууларын 45 миң тоннага чейин жеткирүү;
  • транспорт тармагынын ИДПга кошкон салымын 1,5 миллиард долларга чейин көбөйтүү.

Артыкчылыктуу долбоорлор жана милдеттер

Өкмөт жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Анын ичинде түндүк — түштүк магистралын модернизациялоо жана жол жабууларын узак мөөнөттүү кылуу үчүн заманбап материалдарды колдонуу каралган.

Темир жол тармагында "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" долбоорун ишке ашыруу стратегиялык артыкчылык бойдон калууда. Ошондой эле темир жолдорду толук электрлештирүү жана кыймылдуу курамды жаңылоо пландалууда.

Шаардык транспорт да кеңири өзгөрүүгө туш болот. Экологиялык таза электробустарга өтүү, кубаттоо станцияларынын тармагын өнүктүрүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу инфраструктура жана веложолдорду түзүү каралган. Республикалык маанидеги шаарларда коомдук транспортко артыкчылык берилет.

Жарандык авиация тармагында учуу багыттарынын географиясын кеңейтүү, аэропортторду модернизациялоо жана чакан авиацияны өнүктүрүү пландалууда. Ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргызстанга эл аралык операторлор тартылып, интеллектуалдык транспорттук системалар киргизилет.

Бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана Кытай, Иран, Пакистан жана Россия багытындагы коридорлорду өнүктүрүү республикага аймактык экосистемадагы позициясын бекемдөөгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт