Быйыл Ак-Суу районуна буудайдын "Победа-75" сорту эгилет

Быйыл Ак-Суу районуна буудайдын "Победа-75" сорту эгилет

Кечээ Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Айсаркан Абдибаева өлкө эмне себептен ушул убакка чейин өзүн буудай менен камсыздай албай жатканын сурады.

Ал Кыргызстандын дайыма буудайды сырттан сатып алып жатканын, ошондуктан ата мекендик ун менен өзүн камсыздай албай жатканын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев өлкөгө жогорку түшүмдүү жаңы буудай сорту алынып келингенин айтты.

Анын айтымында, үрөндүн түшүмдүүлүгүнө жердин шарты да таасир этет.

Төрөбаев мисал катары "Победа 75" аттуу буудай үрөнүн келтирди. Бул сорт Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда гектарынан 60 центнер түшүм берген, ал эми Талас облусунда ошол эле үрөн 25 центнер гана түшүм берген.

"Ошондуктан биз Ак-Суу районуна “Победа 75” сортундагы буудайды эгүүнү сунуштадык", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт жолу кардан тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт жолу кардан тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт унаа жолунун 470-544 чакырым аралыгы кардан тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан белгилешинче, учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Буга чейин Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаап, анын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен.

Негизсиз берилбей келген кепилдик төлөмү ишкерге кайтарылды

Негизсиз берилбей келген кепилдик төлөмү ишкерге кайтарылды

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында ишкерге тиешелүү болгон кепилдик төлөм кайра кайтарылды. Маалыматка караганда, ишкер акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу мамлекеттик органга кайрылган. Бирок мыйзамдуу негиздер болгонуна карабастан, анын арыздары узак убакыт каралбай келген. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде ишкердин укуктары калыбына келтирилип, негизсиз кармалып турган 692 миң 800

Кимдер дары-дармекти арзандатылган баада ала алышат?

Кимдер дары-дармекти арзандатылган баада ала алышат?

Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасында камсыздандырылган жарандар үчүн дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо программасы иштейт. Бул программа аркылуу айрым дары-дармектерди дарыгердин рецепти менен арзандатылган баада сатып алууга болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жеңилдиктен пайдалана ала турган жарандардын катарына пенсионерлер, 18 жашка чейинки балдар, күндүзгү бөлүмдө 21

Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 5-июнда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүү жана “Борбор Азия – Европа Биримдиги” форматында аймактык кызматташууну чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи.