Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегия жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кзыматынан билдиришти.

Жыйында Эдил Байсалов спорт тармагына мамлекеттик колдоо жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, 2020-жылы бюджеттен 800 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, 2025-жылы бул сумма дээрлик 2,6 млрд сомго жеткенин айтты. Анын белгилешинче, бул мамлекеттин спортко болгон ишениминин жана спортчулар алдындагы жоопкерчилигинин айкын далили.

Ошондой эле ал 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасынын алкагында массалык спортту өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо, олимпиадалык резервди даярдоо, мектептерде спорттук секцияларды көбөйтүү жана аялдар спортун колдоо негизги багыттар болорун белгиледи.

Мындан тышкары, жыйында XXXIV жайкы Олимпиада оюндары жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү маселеси өзгөчө баса белгиленип, спортчуларды системалуу жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгү айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди:

  • спорттук-саламаттыкты чыңдоо медицина борборун ишке киргизүүнү тездетүү;
  • массалык мелдештерде коопсуздук чараларын күчөтүү;
  • спорт тармагындагы кызматтарды санариптештирүүнү активдештирүү;
  • кадрларды даярдоо системасын жаңылоо.
Ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда ири эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү, анын ичинде күрөш боюнча Азия чемпионатын, Ысык-Көлдө парустук спорт боюнча Борбордук Азия чемпионатын жана Көчмөндөр дүйнөлүк оюндарынын кезектеги этаптарын өткөрүү пландалганы айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media