Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти
Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355,8 млрд сомго жеткенин облус башчысы Азамат Осмонов билдирди. Анын айтымында, облустун ички дүң продукциясы 205 млрд соомду түздү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12% өсүштү көрсөттү.
“Биздин облус активдүү түрдө өнүгүп жатат. Мында кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу алдыга чыгууда. Ысык-Ата районунда өнөр жай тармагынын өсүшү өзгөчө байкалууда. Бул иштердин жүрүшүнө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун системалуу колдоосу чоң. Анткени фонд ири долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүп келет”, - деди ал.
Фонддун маалыматы боюнча, жалпы инвестициянын дээрлик үчтөн бири — 335 млн доллары Чүй облусуна багытталган. Жалпы 727 долбоор колдоого алынып, каржылоонун негизги бөлүгү акыркы беш жыл ичинде берилген.