Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту дээрлик 200 млн долларга (болжол менен 17,1 миллиард сом) жеткенин парктын директору Азис Абакиров билдирди.

Анын айтымында, ИТ-компаниялардын экспорт көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун болжол менен 7%ын, ал эми ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 1%ын түзөт.
Азис Абакиров белгилегендей, масштаб жагынан бул сектор салттуу тармактардын бири — тигүү өнөр жайы менен теңтайлаша баштады. Ошол эле учурда ИТ-индустрия өлкөнүн экспорттук өсүшүнүн негизги багыттарынын бирине айланып баратат.

Анын айтымында, Жогорку технологиялар паркынын өнүгүшү инновацияларга жана адам капиталын пайдаланууга негизделген Кыргызстандын жаңы технологиялык экспорттук профилин калыптандырууда.

Паркта ошондой эле сектор активдүү өсүп жатканын жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн технологиялык компаниялар менен адистер үчүн уламдан улам жагымдуу болуп баратканын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду

Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду

Баткен облусунда айыл чарбасын суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган жасалма мөңгүлөрдү түзүү долбоору ишке ашырылып жатканын президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аппараттын эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбековдун жетекчилиги алдында эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн делегациясы менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө  Россия

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын финансылык институттарынын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар чакан жана орто ишкердикти мамлекеттик колдоо саясаты, бизнести каржылык колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүүсүн кеңейтүү

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар Транс-Каспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү алкагындагы программаларды ишке ашыруу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Министрлик тарабынан учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыдагы артыкчылыктуу багыттар

Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө

Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Исанов жана Садырбаев көчөлөрүндө кудуктардын капкактарын жолдун деңгээлине чейин көтөрүп, оңдоп жатышат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иштер жол коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Маалыматка ылайык, быйыл жаңы технологияны колдонуу менен Бишкек